www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги мурдагы тышкы иштер министри Эмил Үмөталиевди кепке тартып, коррупцияны ооздуктоо үчүн жазылган антикоррупциялык стратегия боюнча пикир алыштык.
--Эмил мырза, коррупцияны ооздуктоо үчүн Коопсуздук кеңеши антикоррупциялык стратегиянын долбоорун иштеп чыкты. Президент бул долбоор коррупцияга каршы саясатты күчөтөөрүн жана кызматына карабай жазаланаарын айтты. 4 жылдык планды камтыган стратегиялык долбооордон эл күткөндөй майнап чыгабы?
--Төрт жылдык планды камтыган антикоррупциялык стратегиядан эл күткөндөр, долбоорду жазгандар ойлогондой майнап чыгаарынан күмөн санайм. Себеби, аталган стратегияны ишке ашырыш үчүн а дегенде бир канча маселени чечиш керек. Биринчиси, мамлекет структуралары кыскарышы керек. Экинчиси, мамлекеттик кызматчылардын саны азайышы шарт. Үчүнчүсү, мамлекеттик структураларда кайсы бир кызматтар кыскарышы зарыл. Тагыраагы, мамлекеттик органдар жарандардын турмушуна, ишкерликке кийлигишүүсү азайышы керек. Төртүнчүсү, парламентаризм толук орношу шарт. Бешинчиси плюрализм орун алып, сөз эркиндигине, интернеттеги жазгандарың үчүн кысымга алуу токтошу керек. Алтынчысы, НПОлордун жана эл арасынан чыккан демилгелерди өкмөт тарабынан кысымга алуу токтошу зарыл. Жетинчиси сот чечимдери салык төлөөчүнү коргошу керек. Мына ушул мен санап өткөн жагдайлардын баары эске алынса гана антикоррупциялык стратегия ишке ашып, жакшы жыйынтык берет. Болбосо күмөн саноону күчөтөт. Азыр стратегия жазылганы менен системдүү иш чара баштала элек. ЕАЭС биримдигинин мыйзамдары көчүрүлүп, деген сөздөрдү эске алсак, анда коррупция көп болгон кошуналарыбыздын жолунда экендигибиз чын болуп калат.
--Атамбаев жана анын командасынын камалышы коррупция менен күрөш жүрүп жатканын далилдебейби? Же ал көрсөткүч аздык кылабы?
--Мурдагы бийликтегилер өз жазасын тарта берсин. Бирок, бүгүн бийликте болуп, ашыкча мүлккө, кирешеге ээ болгондор тартипке келтирилбесе, эл ишенбейт.
Булак: NazarNews.kg