www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясы менен ооруканага түшкөн коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы оор. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, ал Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган. Азыр ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган, абалын догдурлар оор деп баалап жатышат.

Белгилей кетсек, 70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости