www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровду кепке тартып, “Кыргызстан” партиясындагы элди таңгалдырган жагдай боюнча сүйлөштүк.

--“Кыргызстан” партиясынан өз каалоосу менен эки депутат кетип, алардын ордуна  тизмеде турган экөө мандат алды. Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтөөрдө неге мындай кылышты?

---Менимче, “Кыргызстан” партиясы тизмесин өтө дыкат карап жатышат. Себеби, өткөндөгү мандат бөлүштүрүүдө аял келет деп жатышкан. Бирок, кезек Ирсалиевдики дешти эле. Ал эмнегедир мандат алуудан баш тартты. Бүгүн болсо эки депутат чыгып, анын ордуна эки депутат мандат алды. Анын бири Шаки. Бул баарын таң калтырып жатат. Мандаттары бүтөөрдө эмнеге мындай кадамдарга барышты деп. Шаки партиянын кожоюну, анын шайлоо компаниясын финансылаган. Бирок, тизмеде артында тургандыктан депутат боло алган эмес. Бул көрүнүш бир нерседен кабар берип жаткандай. Кийинки парламент жалаң гана олигархтардан туруп калышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатышы мүмкүн.

--Идеяга иштебеген мандаттын канчалык зарылчылыгы бар?

--Мен дайыма парламент идеологиялык партиялардан түзүлбөсө коррупция менен күрөштөн өлкөнү алдыга жылдыруу аракеттеринен эч нерсе чыкпайт, деп айтып келем. Ошондуктан, Кыргыз бийлиги, Жогорку Кеңеш өлкөнү өнүктүрөлү, коррупцияны жеңели десе, анда идеологиялык партияларга жол ачышы керек.

--Шаршенбек Абдукеримов, Жапыкеевден коркуп депутат болуп алган жокпу?

--Бул мурда эле пландаштырылса керек. Бирок, ушул күндөргө туш келип калды көрүнөт. Бирок, баары бир бүгүнкү Жапыкеевдин кухнядагы билдирүүлөрү көпчүлүк атамекендик да, чет элдик да бизнесмендерди чоочутуп койду. Илгери Иранда эл нааразы деп, президент бир эле Указ менен өлкөдөгү чет элдик 100дөн ашуун күйүүчү май заводдорун улутташтырып салган. Ошондуктан, чет элдик бизнесмендер да, алда эми эмне болот деп, революция болбойбу деп коркуп жатышат. Айрым чет элдик басылмалар “Кыргызстанда кайрадан революциялык чакырыктар ташталып жатат” деп, Жапыкеев жөнүндө материалдарды жазып жатышат. Дүйнө жүзүндө Кыргызстанда стабилдүүлүк жок, туруксуз өлкө катары таанылып жатат. Ошондуктан, «Чон казатчылар» өздөрүнүн билдирүүлөрүнө корректировкаларды” киргизиши керек. Өлкө жаңы эле картантинден чыкты. Туризмдин сезону болгону турат. “Чоң-Казатчылар” бүт көлдүн кулундары экен. Бул аймак жалаң гана туризм менен жашаарын булар менден да жакшы билишет. Жайында эл бир аз туризмдин аркасынан акча таап алышы керек. Болбосо, күздө олигархтар элдин добуштарын дүңү менен ит-бекер сатып алышат. Эгер “чоң казатчылар” жок биз үчүн максат парламентке баруу дешсе, анда айла жок. Парламенттик шайлоолор бүткүчө бизге, булар таңуулаган абалда жашоого туура келет. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости