www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү Кой-Ташта жыйын өткөрүп, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, жыйында  партиянын Саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчи маселесин да карап чыгуу, координаторлордун бирдиктүү реестрин түзүп, аймактардагы ишти күчөтүү зарылдыгы, азыркы бийлик өлкөнүн орчундуу маселелерин чече албай жатканы тууралуу кеп болгону кабарланды.

Белгилей кетек, 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү пландалган. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости