www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда 2019-жылдын 3-декабрында жалгыз бой 3 балалуу энени алдап кетишти. Бул тууралуу социалдык тармактарда  видеотасма тарады.

Видеотасмада жалгыз бой энени өзүн Умарбеков Акылтай аттуу жаран деп тааныштырып, күнүнө 5 маал намаз окуй турганын, 2 баласы бар экенин айтып, анын автоунаасын айдап кеткен боюнча кайра кайтарып берген эместиги айтылган.

Унаанын ээси аны 2 миллион рублга кредитке алып, аны толук төлөй элек экенин айтып, көз жашын тыя алган эмес.

Алданган аял чыныгы Умарбеков Акылтайды тапкан, бирок ал такыр башка киши болуп чыккан.  Чыныгы Умарбеков Акылтай мурда кыргыз жараны болуп, кийинчерээк орус жарандыгын алган жана учурда Россияда иштейт. 3 баланын энеси Акылтайга кайрылганда алдамчы киши тааныш көрүнүп жатканын айтып, аны кайсы жерде көргөнүн эстеген. Көрсө, чыныгы Умарбеков Акылтай аны буга чейин унаасында керектүү жерге жеткирген экен. Алдамчы киши окуяга чейин Умарбеков Акылтайга жумуш таап берем деген жүйөө менен анын паспортунун, айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн WhatsAppтан алган.  Алдамчы киши Акылтайга өзүнүн улутун өзбектигин, жакында Өзбекстанга барып, үйлөнөөрүн айткан. 

Алданган келин уурдаткан унаасынын кредитин төлөп жатат жана кырдаалга байланышту жумуш жок болгондуктан кыйын кырдаалга кептелген. Жалгыз бой эне алдамчыны көргөн-билгендер болсо укук коргоо органдарына кабарлап коюуну өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости