www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө 300,000ден ашуун адам COVID-19 коронавирус дартынан көз жумду. Ал эми Америка Кошмо Штатында 1,4 миллиондон ашуун адам өлүмү менен дүйнөдөгү алдыңкы өлкөгө кирди.

Учурда АКШда бул ооруга чалдыккан 1 405 961 адам бар. Алардын ичинен 85 194  адам көз жумган. Илдет жуктургандардын басымдуу бөлүгү Нью-Йоркто катталган.

Экинчи орунда Улуу Британия турат. Өлкөдөгү 234,431 адам илдетти жуктургандар болсо 33,692 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Францияда бүгүнкү күндө коронавирус илдети 178994 адамга жугуп, 27,428 адам кайтыш болгон.

Кийинки көрсөткүчтө Италияны көрө аласыз. Бул мамлекетте  223,096 адам коронавирус жуктурган, алардын ичинен 31 368 жаран бул дүйнө менен коштошкон.

Испания өлүмдөрдүн саны боюнча бешинчи орунда. Өлкөдө коронавирус менен ооруган 229,540 адам бар. Алардын ичинен 27,321 жаран жашоосу менен коштошкон.

Кийинки орундарда Бразилия (13,555), Бельгия (8 903), Германия (7,884), Иран (6,854) жана Нидерландия (5 609) турат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости