www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү 140тан ашуун азыркы жана мурунку лидерлер, анын ичинде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев коронавирустун вакцинасы чыккандан кийин аны акысыз таратууга чакырык таштады.

Алар дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө ачык кат жазып кол коюшан. Документти БУУнун ВИЧ/СПИД (UNAIDS) боюнча Бириккен программасы жарыялады.

Анда бийлик жана эл аралык өнөктөштөр коопсуз жана эффективдүү вакцина пайда болгондон кийин тынымсыз чыгып турушуна жана бардык өлкөнүн жашоочуларына бекер таратылышына дүйнөлүк деңгээлде кепилдик бериши керектиги айтылат.

“COVID-19дун вакцинасы кимдир бирөөгө таандык эмес, баары үчүн акысыз болушу керек. Дипломатиялык мааниде айтылган сөздөрдүн кереги жок, бизге азыр юридикалык жактан кепилдик керек”, – деп жазылат документте.

Документке дүйнөдөгү 140 саясатчы кол койгон. Алардын арасында Түштүк Африка Республикасынын азыркы президенти Сирил Рамапоса, Сенегал өлкөсүнүн башчысы Маки Саль, Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо бар. Ал эми экс-премьер-министрлерден Гордон Браунду (Улуу Британия), Хосе Луис Родригес Сапатеро (Испания), Хелен Кларк (Жаңы Зеландия), Виктор Януковичти (Украина) кездештирүүгө болот. Ошондой эле Латвиянын мурдагы президенти Вайра Вике-Фрейберга жана экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Жозеф Стиглиц чакырык таштаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости