www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда чечевица дан өсүмдүгү алгачкы ирет эксперимент катары айдалган. Аталган иш Бишкектен берилген атайын тапшырыктан улам жүзөгө ашырылган. 

“Быйылкы жылы чечевицаны өстүрүп көрүү боюнча тапшырык түшүп, Бишкектен атайын адистер Ат-Башыга келишкен. Алар топурак алышып, климатын, сугат суусун иликтеп, 2020-жылы 4 гектар жерге чечевица айдоо чечими кабыл алынган. 

Үстүбүздөгү жылы арпа, буудай эле айдай бербей, Ат-Башыны жаңы маданиятка көндүрүп, чечевицаны ассортимент катары чет өлкөгө экспортто мерчемделүүдө. Азыркы учурда бул райондо аталган дан өсүмдүгү өсөт деп да, өспөйт деп да айта албайбыз. Бирок адистер Ат-Башынын климатына эң ыңгайлуу болоорун айтышууда. 

Чет өлкөлүктөр чечевицаны өстүрсөңөр өзүбүз келип, сатып алабыз деп маалымдашты. Кардар издебейсиңер, күзүндө алып кетебиз деген демилгени түрк ишкерлери көтөрүп чыгышкан. Быйыл 4 гектардан канча түшүм, канча пайда түшөт, ошону байкап көрүп, элге жайылтабыз. Үрөндү сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өстүрчү кишилер бекерге беришти. Жер иштетүү, кошумча жер семирткичтерге, техниканын майларына райондук администрациянын колдоосу менен жалпысынан 25 миң сом каражат жумшалды. 

Бир гектарга 120 килограммдан 150 килограммга чейин деп эсептеп беришкен. Биз бир гектарга орточо 130 килограммдан чечевица айдап жатабыз. Биз айдап жаткан үрөн тазаланган”, - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Булак: NazarNews.org

Последние новости