www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  Ленин районунун мурдагы Ички Иштер башкармалыгынын башчысы Мадияр Кулуевдин, кызматтан себепсиз алынганы боюнча баарлаштык. 

--Мадияр Райымбекович, социалдык тармактарда 7-апрелде себепсиз кызматтан алынгандыгыңыз тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Кызматтан 7-апрелдин урматы үчүн кеттиңизби же кайсы бир жетекчиликтин кызыкчылыгы үчүн кеткенге аргасыз болдуңузбу?

--Мадияр Кулуевди жумуштан алып салса, кызмат үчүн жанталашып, интервью берип чуркап жүрөт деп ойлошпосун. А дегенде эмне үчүн баарлашууга аргасыз болгонумду түшүндүрөйүн. Кудай деген адам болгонум үчүн Орозонун кутту күнү студияңарда отурамын. Бул жерге кызматымды калыбына келтирүү үчүн  эмес, акыйкаттык үчүн келдим. Мен укук коргоо тармагында 1986-жылдан бери иштейм. 2016-жылдан бери Ленин районунун Ички Иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, кызматтык милдетибизди так аткарып, элдин кызыкчылыгын коргоп, коопсуздукту сактоого, мамлекетибизде тынчтыкты орнотууга болгон күчүбүздү жумшап жатканбыз. Акыркы мезгилде коронавирус менен келген апаат боюнча иш алып бардык. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгына ылайык Республикада өзгөчө кырдаал жарыяланып, коменданттык саат киргизилип, мына ушул абалдын алкагында иштедик. Жумуш боюнча маселе жок болчу. 2020-жылдын 7-апрелинде күндөгүдөй эле өздүк курамга тапшырма берейин деп, эртең мененки 08: 30да чогултуп, “развод” өтүп  жатсам орун басарым “Жолдош начальник, бир нерсе болуп кеттиби? РИИБди спецназ курчап калды го?” деди. “Карап койгула, не болуп кетти экен” дедим. Аңгыча эки “бусик” менен келген спецназ имаратты курчап, шаардын ички иштер башкармалыгынын эки орун басары начальник менен кирип келип, коменданттын буйругу деп Алмаз Орозалиевдин мени иштен четтетүү боюнча буйругун окуду. Мен себепсиз кызматтан алышканына таңгалып эле туруп калдым. Себеби, менин ишимде иштен ала турган деле себеп жок болчу. Ошон үчүн бир айдан ашык убакыттан бери мени эмне үчүн кызматтан алганынын  негизги себебин биле албай жүрөм.

--Такталбаган маалыматтарда Ленин райондук РИИБнин кызматкерлеринен жашыруун жол менен сиз тууралуу сурамжылоо жүргүзүлгөн экен. Алардын бул аракети мыйзамдуубу же мыйзамга каршы  келеби?

--Акыркы 6 айдын ичинде коомчулукка мени каралаган жалган маалыматтар атайылап таркатылды. Сыягы мени жаманатты кылуунун аракетин  көрүштү окшойт. 2018-жылы Кашкар Жунушалиев мага кызматка толук эмес деген таризде мыйзамсыз жаза, катуу сөгүш берген. Мен Ички Иштер министринин коллегиясында “мага жазаны да, сөгүштү да туура эмес бердиңиз, себеби жок жөн эле берип койдуңуз”, деп ачык сындадым. Ал “мен сени жазалап, жумуштан алам”- деди. Мен аны сотко бердим. Биринчи май райондук соту, шаардык сот жана Жогорку сот да министрдин мага берген жазасын мыйзамсыз деп тапкан чечим чыгарды. Ага министрдин бети чыдабадыбы билбейм, күтүлбөгөн жерден коменданттын буйругунун негизинде мыйзамсыз кызматтан алды. Негизи генералдар андай болбошу керек эле. Генерал деген жашыруун иштерди жасабайт. Ачык айтып, ак сүйлөйт. “Сомапал” генералдар  акылга сыйбаган жана мыйзамсыз иштер менен алек болот көрүнөт.

Негизи жашыруун сурамжылоону шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиевдин мыйзамсыз буйругу менен ишке ашырып, өздүк курамды шаардык ички иштер башкармалыгына чогултуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Бул мыйзам боюнча туура эмес. Мыйзамда жашыруун сурамжылоо дегенге жол берилбейт. Бирок, Канат Жумагазиев кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жашыруун сурамжылоого буйрук чыгарат. 200 кызматкеримди чакырып, мени жамандаган пикир жыйноого аракет кылат. Өздүк курамга ырахмат. 200 адамдан 8и гана мага каршы пикир айтышат. Калганы мени колдоп чыгышат. Эмне үчүн жашыруун сурамжылоо кылышканын мага азыр да белгисиз. Менин билип калганыма карабай аны да жаап-жашырып коюшту. Канча жашырышса да бул ишти министр Кашкар Жунушалиевдин тапшырмасы менен Канат Жумгазиев уюштурганы белгилүү. Бул так маалымат. Эгер мен калп айтсам, мени булар сотко берсе болот.

--Ошол жашыруун сурамжылоодо эмнелерди сураганын биле алдыңызбы?

--Мадияр Кулуев өздүк курамды жердешчиликке бөлөбү? Сиз Кулуевдин кызматтагы өзүнүн методун  колдойсузбу деген суроолорду беришиптир. Себеби, мен реформа дегениңиз менен эч жакта реформа жок деп министрге коллегияда да, жыйындарда сындачумун. Анткени, парламентке жаңы метод менен иштеп аткандай түр көрсөтүшкөнү менен чындыгында эски эле ыкма менен иштечүбүз. Ошон үчүн катачылыктарын сындап, сүйлөгөн сөз менен жасаган иш эки башка экенин айткым келчү.

--Комендант Алмаз Орозалиевдин мамилеси кандай эле?

--Алмаз Орозалиевден бир дагы мага эскертүү берип же “туура эмес иштеп жатасыз” деген нааразычылыгы болгон эмес. Тескерисинче “мен мындайды биринчи көрүшүм, байкелер кандай кылабыз” деп эле жүрчү. Мени анын колу менен кызматтан алдырса да, анын кандай экенин, дарамети канчалык экенин жакшы билем. Ал тапшырманы жакшы бере албайт. Өз алдынча пикири жок адам. Ошон үчүн кызматын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз жол менен мени иштен алды. Сыягы, министрдин тапшырмасын аткарды окшойт. Болбосо, мени иштен алганда мыйзам боюнча түшүнүк кат алып, кызматтык териштирүү жасап, анын жыйынтыгы менен тааныштырышы керек эле. Кыскасы, бүгүнкү күнгө чейин Орозалиевден же министрден эмне үчүн кызматтан кеткенимдин себебин биле албай жатам. Эми бул ишке прокуратура баа берет деген үмүттөмүн.

--Өзгөчө кырдаал жарыяланганда Октябрь РИИБнин кызматкерлери пропуск сатып кармалды, Свердлов РИИБси сойкуларга суктанып атып мыйзамды бузуп, коомчулуктун  жемесине  калышты. Алар жазаландыбы?

--Министр Кашкар Жунушалиев Свердлов жана Октябрь районунун министрине кандай жаза бергенин билбейм. Аны анын абийирине калтырып коёлу. Бирок, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да ошол маселе боюнча  эки райондун жетекчилерин тургузуп, “пропуск сатып силер бизди уят кылып жатасыңар” деп уяткарган. Министр катачылыкка жол бергендерди тартипке чалуу эмес, ага мени кызматтан кетириш маселе болгон окшойт.

--Министр менен тил табыша албай калышыңыздын себеби барбы?

--Мен натурамдан эле чындыкты туу тутам. Ачык айтып, ак сүйлөйм. Ошонумдан жакпасам керек деп ойлойм. Себеби, менин бетке айтканымдан кооптонобу министр менден коркот, мени көргөндө качат. Аны кесиптештерим да билет. Үч жылдан бери министрди көрө албайм. Коллегияларга киргиздирбей коёт. Же мени сүйлөтпөй жыйынтыктаганга аракет кылат.

Өзгөчө абал жарыяланганда дагы кыйын учурду баштан кечирдик. Биз өздүк курам менен аэропортко барып, Түркиядан, Москвадан келген жарандарды автобус менен обсервацияга алып келип аттык. Илдеттин жугуу коркунучу күчтүү болгону менен бизде жетип жетпеген маска бар болчу. Көп деле акча берилген эмес. Өзгөчө кырдаал жарыяланган күнү ИИМден РИИБдерге 50 миң сомдон берилди. Аны менен кошо “спонсорлорду таап, өзүңөр маселеңерди чечкиле” деген тапшырма болгон. Коргоонучу каражаттардын жетишсиздигинен улам комендатурадагы жыйында вице-премьер-министр Бороновго УВДнын начальниги “суроо бербеңиз, министр бербегиле деп жатат” дегенине карабай  кайрылдым, “Урматтуу вице-премьер-министр, качан бизге тепловизор жана илдеттен коргонууга жетиштүү каражаттарды качан бересиңер?”, дедим. Боронов? “Жолдош полковник, азыркы кезде мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Эмнеңер бар ошол менен өзүңөр эптеп иштей бергиле” деди. Мына ушундай маселе көтөрүп, талап койгонум үчүн мени көп жерден киргизбей коюшчу.

Бир сапар ИИМдин коллегиясында премьер-министрге суроо берейин десем, мени министр коллегияга киргиздирбей койгон. Себеби мен премьер-министрге кайрылып, “Министрдин орун басарларын кандай критерий менен кызматка аласыңар? Ички иштер министрлигинде резервдеги кадрлар бар. Эмнеге ал жактан эч бир кызматкер кызматка дайындалбайт да, баары эле парашют менен түшөт!” деп сурайын дегем. Тилекке каршы, киргиздирбей коюп суроом берилбей калган.  

--Кашкар Жунушалиев кандай министр болду?

--Негизи Кашкар Жунушалиев кызматкерлерин эмес, креслосун коргогон министр болду. Ал реформа деп сүйлөгөнү менен реформа кыла албайт. Анын ага дарамети да, мүмкүнчүлүгү да жетпейт. ИИМге мындай эт менен челдин ортосунда жүргөн министрдин кереги жок.

--Мындан аркы кадамыңыз кандай болот? Адилеттик үчүн күрөшөсүзбү?

--Адилеттик, чындык, мыйзамдуулук үчүн күрөшөм. Жаңы жобо боюнча мен министрге рапорт менен кайрылдым. Министр 14 күндүн ичинде жооп бериши керек. 14 күндөн өтүп кетти. Эч кандай жооп жок. Ошондой болсо да баарын мыйзамдын алкагында болушун талап кылам. Мыйзамсыз иштен алынганымды далилдейм. Буга чейин эле мага ИИМ үч жолу иш козгоду. Бирок, үч жолу тең далили жок иш кыскартылып кетти. 4 жолу кызматтан алды. 4 жолу кайра келдим. Бу сапар да мыйзамсыздыкты далилдейм деп турам.

--Баса, кылмыш иши козголуп дегениңизде бир окуя эсиме түштү. Повлюкту өлтүргөн адамды кармаганыңар үчүн кайра өзүңөргө кылмыш иши ачылган эле. Ошол окуя боюнча  айтып берсеңиз?

--Ооба, менин кызматкерим экономикалык кылмыштарга каршы бөлүмдүн башчысы Талгат Бекбоев УКМКда корей жигит мыйзамсыз мылтык алып жүрөрүн жана баңгизатын колдонорун айтып келди. Азыр кызматта турган Канат Жумагазиев анда менин кол алдымда иштечү. Бекбоевди чакырып, экөөнү баргын десем “Жумагазиев мен баралбайм. Ал мени тааныйт. Өздөрүнүн маалыматы менен иштей берсин” деп качып барбай койгон. Бекбоев өзүнүн эки опери менен Алдаяр Исманкуловду кармады. Андан тапанча, баңгизаттар алынды. Ошол замат иш козгоп, камайлы десек, түнү менен телефон чалуулар болуп, “коё бербесең аягы жаман болот” дегенге чейин жетишти. Көшөрүп “камайбыз” дегенибизге карабай ал ишти башка кызматка алып кетти. Ал эле эмес, аны кармаган эки кызматкериме  кылмыш ишин козгоп, экөөнү тең  кызматтан кетиришти. Мага УКМК издөө жарыялап, Казакстанга ошол жактан алып келип,  камоого аракет  кылышты. Айтор, камайбыз дешти. Бирок, ошол кездеги соттун төрагасы Марат Султанов коопсуздук кеңешинин төрагасы “Кулуевди 10 күнгө СИЗОго камагыла, биз ишибизди бүтүрүп алалы” дегенине көнбөй, “камай турган негиз жок” деп мени “подпискага” чыгарып койду. 2007-жылдын 31-декабрында мен соттон акталып чыктым. Ал ишти ИИМдин ошол кездеги министри козготту. Алдаяр Исманкуловду булар калкалаганы менен азыр ал Казакстанда түрмөдө отурат. Повлюкту өлтүргөн кылмышкерди кармайбыз деп жок жерден кызматкерлерим азап тартты.

--Чындыкты Ак үйдөн издейсизби же Кашкар Жунушалиевдин иш бөлмөсүнөн издейсизби?

--Мен Жунушалиевге ишенбейм. Мен эле эмес, ага кызматкерлердин көпчүлүгү нааразы. Кызматкерлерин эмес, креслосун коргогон министр болгон үчүн мен чындыкты Жунушалиевден издебейм. Мен чындыкты, адилеттүү чечимди президентибиз  Сооронбай Шариповичтен күтөм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кайрылып кетким келет. Урматтуу Сооронбай Шарипович мен сиздин жакшы тилек менен баштаган реформаңызды колдогом. Азыр да колдойм. Органда 33 жыл иштеп бирок, ушундай адилетсиздикке кабылдым. Мен ордума коюңуз дебейм, бирок эмне үчүн кызматтан алышканын акыйкат үчүн тактап беришиңизди суранам. Мен министрге эмес, сизге ишенем.

--Сизге эркин микрафон...

--Баардык кыргызстандыктарды Рамазан айым менен куттуктаймын. Өлкөбүз тынч болсун, элибизге кут консун, аман бололу.

Булак: NazarNews.org

Последние новости