www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда парламенттин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Ушул темада мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев менен NazarNews маалымат агенттиги маек курду.

-Саламатсызбы, биринчи мыйзам долбоору тууралуу кыскача айтып өтсөңүз.

-Мыйзамды жазгандын эң негизи максат-жолдорду сактап калуу. Ошол жолду сактап калуу үчүн таразаларды койгонбуз. Таразалардын милдети ашыкча салмак салып алган жүк ташуучу унааларды өткөзбөө. Анткени, илимий изилдөөлөрдө атайын норма коюлган. Берилген нормалардан ашпай турган жүк менен жүрүш керек. Ошондо биздин жолдор ошого ылайыкталып салынган. Экинчиси, ошол жерде болуп жаткан коррупциялардын схемаларын жоюу. Ал таразаларды өзү туура колдонсо болот.

Тилекке каршы, коррупциялык система болгондуктан, ал тараза толук иштебей жатат. Ал жерде керек болсо, таразага кирбей турган механизмдер бар. Кирбей туруп жөн эле өтүп кетесиң, бирок анда койулган акча чоңураак. Таразага кире турган болсоң, жүгүңө байланыштуу отметка берип өтөсүң. Ошондой коррупциялык схемаларга бөгөт коюу, жолдорду сактап калуу. Мындан ары дагы карыз алып, жолдорду курбоо. Мисалы, Бишкек-Ош жолун карап көрсөк, али курулуп бүтө элек. Бирок, башында курулган жерлери бүтө элек жатып бузулуп баштады. Коррупцияны кантип жок кылбыз? Биз автоматташтырып койсок, адам чечпей, компьютер чечет. Компьютерге түшсө үйгө айып пул тууралуу кагаз түшөт. Ушундай системаны орнотсок тартипке келет эле. Биздин максат акча чогултуп, бюджетти толтуруу эмес. Эмне үчүн чоңураак айып пул болуп жатат, адам ошол чоңураак акчаны төлөбөш үчүн эрежелерди бузбайт. Же болбосо биринчи жолу бузуп, чоң айып пул төлөгөндө, экинчи жолу төлөгүсү келбей калат. Биздин негизги максат ушул.

-Ушул эле мыйзам бир жарым жыл мурун көтөрүлгөн экен, эмне үчүн ошол убакта эле автоматташтыруу маселеси каралган эмес?

-Негизи эле бул мыйзамдын өтүшүнө каршылыктарды көрүп жаттым. Качан гана экөө кармалгандан кийин (Транспорт жана жол министринин орун басарлары) корутундуларды жана башкаларды алганга оңой болду. Бир жарым жыл мурун башка себептер менен каралса керек. Мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Бүгүн, мындай мыйзамдарды өкмөт өзү алып чыгыш керек болчу деген  көп сындар айтылды. Бирок мен алып чыгып жатам. Чоң акчалардын түшүшүнө байланыштуу буга эч ким кызыкдар болгон эмес.

-Жолдордун бузулушу жүк ташуучу унаалар керектүү салмактан ашык салып алган үчүн болуп жатабы?

-Жолдордун бузулушунун эки себеби бар. Биринчи, албетте, өз убагында канчалык сапаттуу курулган. Экинчи себеби, сөзсүз түрдө жүк ташуучулар өзүнүн салмагынан ашыкча жүктөп алгандарга тиешелүү. Ушунчалык жүктөгөнгө эмне түрткү болду? Көбүрөөк акча табайын деп, жүктөгөндүн айынан жолдор бузулуп жатат.

-Ашыкча жүктү аныктай турган таразадан бизде азыр бирөө бар, ошол таразаны чет өлкөлүк компания берди деп депутатардын бири айтты. Кайсы чет өлкөлүк компания берди?

-Андай таразадан сегизди Бүткүл Дүйнөлүк банк сатып берген. Бирөө эмес, 8 тараза орнотулган. Ал бизге грант түрүндө бекер берилген. Жеке компания эмес, Бүткүл Дүйнөлүк банк каржылаган. Ошол тараза камера аркылуу эле жүктү аныктай алат.

-Мыйзам долбоору ишке кабыл алынып калды дейли, эгер техника бузулуп калса, жумуш процесси токтоп калбайбы?

-“Коопсуз шаар” деле бузулбай эле иштеп жатпайбы. Свети өчүп калса деле генератор иштеп атат, башка процедуралары да бар. Бул деле бүт жактан камсыз кылынган. Эгерде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп калса, оңдой турган нерселери бар. Такыр эле болбой калса, иштетпей коёт. Эч нерсе болбойт. “Коопсуз шаарда” ШОС өтүп жатканда, иштебейт жүрө бергиле деп айтылган. Ошол сыяктуу эле жүрө бергиле деп коёт берет. Эч нерсе болбойт Бирок, андай болбойт деп ойлойм.

-Өзүңүз билгендей 27 жолго 8 тараза жетпейт. Калган таразага каражат кайсыл жактан каралат?

-Азырынча эң маанилүү 8 жерге коюп туралы, калганын акырындап ошол эле грант аркылуу кылабыз.

-Бул мыйзам долбоору чоң жолдорго эле каралганбы же жүк ташуучу унаалар жүргөн айылдарга дагыбы?

-Баардык жолго буйруса. Жолдордун айырмасы жок. Негизи коюла турган жол болсо, коюлуп иштеп кете берет. Айтор, чоң жүк ташуучулар өтүп жатса, анда коюш керек. Мисалы, бүгүн депутат маселе көтөрдү. "Ала-Букага койгула, эл өзү суранып жатат, жолдордун баары бузуп жатат"-деди. Азыр Транспорт министрлиги каражат жок коё албай жатат. Тескерисинче эл суранып жатпайбы.

-Мыйзам долбоору ишке кирбөөсүнө ошол эле Транспорт жана жол министрлиги менен депутатар кызыктар, алардын жүк ташуучу унаалары бар деген кептер айтылып жатат. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

-Бар, ким каршы сүйлөсө эле артында карьерлер бар деп түшүнсөңүз болот. Ошолор каршы болду. Ал эми, Транспорт министрилиги акча ала албай калат да.

-Тактап айтканда кимдер каршы чыгышты?

-Аны айтпай эле койсом жакшы болот. Экинчи окууда күчтөнүп каршы чыгышат. 

-Сунушталган долбооруңуз биринчи окуудан өттү. Эми экинчи окуу качан болот?

-Буйруса 15-мартка чейин

-Маегиңизге рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости