www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков NazarNews маалымат агенттигине чыныгы саясаттын "көйкашкасы" тууралуу пикирин билдирди.

--Саламатсызбы, Алмаз мырза, Сиз көбүнчө жаштарды колдоп, жардам берип келесиз. Алардын баарына жана үй-бүлөңүздү каржылаганга  сиздин депутаттык айлыгыңыз жетеби? 

--Айлыгым бардык эле каржылоого жете бербейт. Кандайдыр бир бөлүгүн жабат десем болот.  

Мисалы, “Көйкөшка” уюмуна жардам берген учурларда Манасты, кыргыздын  үрп-адат, салттарын колдогон адамдар бар. Ушундай учурларда жаштарга байланыш болуп берем.

 --Чыныгы саясаттын "көйкашкасы" кандай болушу керек?

-- Чыныгы саясаттын көйкашкасы - азыркы коомдун алдыңкылары десем болот.

--2020-жылкы шайлоодо кайсы партияга ийгилик жаралышы мүмкүн?

--"Кыргызстан" партиясынын  лидери катары биздин партия алдыга чыгат деп айта алам.

-- Коомчулукта партиялык жол менен шайлоо өткөрүү өлкөнү туңгуюкка кептеди деген пикир бар.

--Коомчулукта пикир бат-бат өзгөрүлүп турат. Сындоо оңой, бардык нерсени сындаса болот. Биз партиялык жолду тандадык, эми аягына чыгышыбыз керек. 

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости