www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында аталган мамлекеттин Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш жана эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча түзүлгөн депутаттык достук топторунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекеттер аралык саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, мындан аркы алакалар тууралуу сөз болду. Ошондой эле Төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Бириккен Араб Эмираттарына жасаган алгачкы расмий иш сапары, парламенттер аралык кызматташтыктын жаңы барагын ачып, мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болору белгиленди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Сакр Гобашты Федералдык улуттук кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап: “Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен экономика, айыл чарба, туризм өңдүү ар кыл тармактар боюнча алакаларды арттырууга кызыкдар. Ага ылайык акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги иш сапарлар уюштурулуп, маанилүү жолугушуулар өтүүдө. Эми биз биргелешкен аракеттин арты менен соода байланыштарын жакшыртып, эки мамлекеттин экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле, быйыл октябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында болуучу “ЭКСПО-2020” иш-чарасын ийгиликтүү өткөрүп алууну каалаган Төрага, инвестициялык багытта да өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгы тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш парламенттер аралык кызматташтыкты депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүү керектигин белгилеп: “Кыргызстан менен бардык багыттагы алакаланы арттырууну, анын ичинен туризм жаатындагы байланышты алдыга жылдырууну көздөйбүз. Эки мамлекеттин достук мамилесин кеңейтүүчү мүмкүнчүлүктөр өтө арбын”, – деди.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардагы делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости