www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев: «Мындан ары Кытайдан карыз албайбыз»

«Мындан ары Кытайдан карыз ала албайбыз», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Мындан ары Кытайдан кредит албайбыз

Биринчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна ылайык төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталып жатат:

«Бир булактан тартылган зайымдардын көлөмү жалпы мамлекеттик карыздын көлөмүнүн 50 пайызынан ашууга тийиш эмес».

Бул пунктка ылайык Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан мындан ары кредит алууга чектөө коюлат.

P.S. Кытайдан кредит алуу үчүн келишимдин көз карандысыз иммунитетке негизделген кандайдыр бир иммунитеттен баш тартуу жана талаш-тартыш маселелерин Кытай эл аралык соода-экономикалык арбитраж комиссиясына өткөрүлүп, ал комиссиянын арбитраждык эрежелерине ылайык каралышы жана анын чечими эки тарапка тең акыркы жана милдеттүү деген шарттарын өзгөртүү керек.

Талаш-тартыш маселелерин көз карандысыз үчүнчү тарап кароосу тийиш», - деп жазган Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости