www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлүп жатат деген айың кептерге Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өзү жооп берди.

--“Буга чейин премьер-министрликке, андан кийин Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлүп жатыптыр деген мен жөнүндө ар кандай пикирлер чыгып жатат. Ачык айтып коёюн, бул маалыматтар калп десем болот. Ошондой эле артында эч кандай чындык жок, кандайдыр бир күчтөрдүн көрө албастыгы дейт элем. Азыркы мэр менен болгон катнашыбызды же экөөбүздү уруштуруу максатында маалымат жазылып жатат. Расмий айтып коёюн мэрликке бара турган оюм жок, пландалган жок, сүйлөшүүлөр дагы жүргөн эмес“,- деди Маматалиев.

Марлен Маматалиев учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовдун ишине оң баасын берип, мындан ары ишти улантып кетүүсүнө тилектештигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости