www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажиктердин Лейлекти толук алабыз деген оюу болгон. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
- Марлен мырза, Тажикстан Кыргызстанга кол салууда неге террористтерди колдонду?
- Тажикстандын бийлиги террористтердин күчү менен Кыргызстанды тез арада басып алып, андан кийин Азербайджан менен Армениянын тажрыйбасын колдонолу деген окшойт. Анткени, аларда Лейлекти толук алабыз деген жаман ойлору болгон. Ошон үчүн Ворухтан ары кесип алгысы келишет. Ойлоруна койсоң басып алып, анан ортодо нейтральный зона кылып, башка мамлекеттин аскерин киргизип тынчтыкты орнотуп, Лейлекти бөлүп алууну каалашат. Ошол максаттарын ишке ашыралы деген ойдо террористтерди киргизишти окшойт. Бирок, алардын жаман оюу ишке ашкан жок. Алар кыргыз элинин духун, элибиздин ынтымагын жоокерлердин эрдигин эске алышпагандай.
- Элдин тынчтыгын бузуп, жоокерлердин мизин кайтаруу үчүн террористтерди колдон деген маалыматка ынансак болобу?
- Ынансак болот. Анткени, террористтерди жалдаганы анык анык экенин Афганистан өлкөсү да жарыялады. Террористтер жөнөкөй аскерге караганда профессионал жана мыкаачы болушат. Ошон үчүн айрым жоокерлерге мыкаачылык кылышты деген маалыматтар бар.
Булак: NazarNews.kg