www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эки жүрөгүм бар болсо бири –Кыргызстан" - деген казактардын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Азыр Нур-Султандын атын Астана деп кайра өзгөртөбү, ал казактардын өздөрүнүн иши. Башкысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы казакстандыктардын жана жеке өзүнүн атынан кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяларга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты: "Күчтүү достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоо биздин милдетибиз жана Борбордук Азиянын бардык бир тууган элдеринин тынчтык, туруктуу жана коопсуз аймакты куруудагы түпкү кызыкчылыктарына жооп берет. Казакстан ар кандай талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү чечкиндүү колдойт", - деп айтылат телеграммада. Токаев ошондой эле кыргыз элине күч-кубат, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингде айтылган маалыматына комментарий берди: "Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө.
Ошону менен бирге, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбош керек. Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан, Тажикстан Республикасынын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары брифинг өткөрүп, анда Тажикстанга чабуулду Кыргызстан даярдаган деп билдирген. Тажик тараптын биринчи ок атканы жана масштабдуу түрдө Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу бардык далил аудио, видео материалдар бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, тажик тарап кыргыз чек ара заставасын курчоого алган: "Курчоого калган кыргыз чек ара заставасындагы 14 жоокерибиз тирүү болуп, алтоо шейит кеткени боюнча бүгүн маалымат алдык", - дейт ал.
Иманкулов маалымдагандай, Баткендеги көптөгөн объектилер талкаланып, өрттөндү: “Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кеткенден кийин Тажикстандын жарандары: сакалчан, колдорунда куралы бар, жарандык кийимчен адамдар келип, үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоношкан. Мунун баары катталды. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Тажик тараптан кол салгандардын арасында ооган жарандары, экстремисттер жүрдү, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун айтымында, чек арачылар, анын ичинде элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкеринин сөөгү кордолгон: "Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип... Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, жөнөкөй кийинип курал көтөрүп жүргөндөрдүн бирөө Ооганстандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптан экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар катышты деп айта алабыз", — деди Иманкулов.
Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу боюнча буйругун укпай жатты. Марат Иманкуловдун айтымында, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жеке өзү Дүйшөмбүдөгү кесиптештери менен бир катар сүйлөшүү өткөргөнүн айтат: "Мен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына эки жолу чалып, ок атууну токтотууну талап кылгам. Алар ок атууну токтотуу боюнча буйрук берилгенин ишендиришти. Ага карабай, жеринде аткылоо күчөп, өздөрүнүн жетекчилеринин буйругун укпай жатты. Бизден дагы суранышкандан кийин биз дагы аткылоону токтотконбуз. Кыргыз чек арачылар жооп катары гана ок чыгарышты, бул зарыл болгон гана чара. Биздикилер жарандык инфратүзүмгө, жергиликтүү калкка бир дагы ок аткан эмес. Тажик тарап каалаган тарапка ок чыгарып, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча аткылашкан", - дейт Иманкулов.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди. Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 59 жаран каза болду, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg