www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Марлен Маматалиев менен бийликчил партияларды криминалдар көзөмөлдөйт деген кептин аркасында пикир алыштык.
-Өмүрбек Суваналиев менен жакшы таанышмын. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ал кишинин эрдиктерин билем. Өзгөчө урматым, сыйым бар. Бирок, мен бийликчил деген партиялардын баары криминалдарга көз каранды деген ойдо эмесмин. Маселен, мен шайлоого аттанам деген партиянын Бишкек шаары боюнча координаторумун. Бизде 10дон ашык талапкер чыгып жатат. Тизмеге бир дагы криминал же шектүү адам кирген жок. Ошондой эле бирөө аркылуу же бирөөнүн буйругу аркылуу да тизмеге кошулган жок. Ошондой эле ушул адамды катарыңарга киргизип, депутат кылып бергиле деген сунуш да, аракет да болгон жок. Бизде кандидаттарды координаторлор менен бирдикте сунуштаган принцип сакталды. Коомго коркунуч жараткан адамдар эмес, катарыбызды ИИМдин генералы толуктады.
-Шайлоодо саясий маданияттуулукту көрсөтө алган партиялар барбы?
-Саясий маданияттуулукту кайсы партия канчалык деңгээлде көрсөтөөрүн билбейм. Бирок, көп добушка ээ болобуз деген партиялар, чыныгы атаандаш партиялар ортосунда бири-бирин каралоо же жаман-жакшы теңнологиялар орун алып кетиши мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg