www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган-Аббас сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. Президент Эрдогандын телефондогу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык абалдар талкууланып, Түркия Палестинанын адилеттүү ишин колдой тургандыгын кайталады. Махмуд Аббас Эрдоганга чоң жаратылыш газынын ачылышына байланыштуу куттуктоолорун айтып Түркиянын ийгилиги Палестинанын ийгилиги экендигин айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламентинин) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Кара деңизде жасаган газдын ачылышын тарыхый бурулуш учур болду деп билдирди. Стамбулдагы  Долмабахче Жумушчу кеңсесинде камералардын алдына өткөн  президент Эрдоган, Түркиянын  Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы табылганы жөнүндө жакшы кабар берди. Буга байланыштуу билдирүү жасаган Мустафа Шентоп: «(Табигый газдын ачылышы) бул биздин элибиз үчүн тарыхый бурулуш болду»,- деди.

Шентоп: «Түркия энергетикалык чыгымдарды жоюп салганда дагы ылдам өсөт»,деген серебин салды.

Вице-президент Фуат Октай да социалдык медиа барагында бөлүшүп, «Улуу Түркия жолунда, «Фатих» бургулоочу кемебиз менен ташталган кадам аркылуу энергетикалык көз карандысыздыктын арапасындабыз. Түркия үчүн иштөөнү,  өндүрүүнү жана күрөшүүнү  мындан ары да уланта беребиз»,-деп жазды.

Каржы жана финансы министри Берат Албайрак да «Фатих» бургулоочу кемеси тарабынан Кара деңизде жаратылыш газдын табылышын тарыхый окуя катары карады. Берат Албайрак табылга жасаган «Фатих» кемесинен билдирүүлөрдү жасады.

Министр Албайрак, «Бүгүн биздин өлкөнүн улуттук энергетикалык саясаты жагынан тарыхый күн. Биз кубанып, толкунданып жатабыз. Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү мезгилге күбө болуп жатабыз. Август - бул биздин тарыхыбыздагы жеңиштердин айы. Бүгүн биз ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан энергетика тармагында улуу, даңктуу жеңиш күнүнө күбө болуп жатабыз. Бул процесстин аркасында экономика жана коргонуу өнөр жайы, айрыкча энергетика тармагында чоң кадам ташталды деп ишенем»,-деп айтты.

Бул окуялар Түркияны келечекке дагы  оптимисттик маанайда алып бара турганын баса белгилеген Албайрак: «Учурдагы чалгындоо жана ушул жердеги потенциал менен буюрса биздин өлкөнүн күн тартибинен эсептин тартыштыгынын маселесин алып салабыз жана эсептин ашыкчалыгы жөнүндө сүйлөшөбүз»,-деди.

Энергия жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез болсо «Фатих» бургулоочу кемесиндеги билдирүүсүндө, бүгүн Түркия жана түрк улуту үчүн тарыхый бурулуш учурларынын бири болгонун айтты.

Дөнмез, Кара деңизде чоң ачылыш болгон жерде жаңы аныктоочу скважиналардын тез арада ачыла турганын белгилеп, «Биз бул аракеттерди мындан ары дагы такташтырабыз. Буюрса Республикабыздын 100 жылдыгында жарандарыбызга өзүбүздүн газыбызды пайдаландырабыз»,- деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости