www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Атамбаевдин уулу жаңыдан түптөгөн Социал демократтар партиясынан шайлоого аттанганын угуп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Жусупжан агай, Атамбаевдин балдары түзгөн партия менен шайлоого аттаныпсыз. Башка партияны эмес, неге ал партияны тандадыңыз?

-Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев “аяш ата, жардам бериңиз” деп келиптир. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, жыгылган кишини теппейт. Балдарында не күнөө деп “Социал демократтар” партиясы менен шайлоого барууга макул болдум. Себеби, Атамбаевдин балдары мурунку президенттердин балдарындай болуп, саясатка аралашпаганын, мамлекетти тоноп, ичип жешкендерге кошулбаганын эске алып, ушундай оор мезгилде колтугунан таяп коёюн дедим. Пайдам тийсе тийер, тийбесе дагы көрөрбүз.

-Айрым ырчыларга беш партиядан сунуш түшүптүр. Сизге канча партиядан сунуш түштү?

-(күлүп) Мен жакшы ырдай албайм да. Ошон үчүн мага анчалык сунуш  түшкөн жок окшойт... Мынча болду айта берейин. Кудайдан жашырбаганды элден жашырат белем. Мага да бир үлкөн партиядан сунуш түштү. Бирок, аларга кошулуп, карыганда абийиримди кетирип албай, тынч эле отурайын деген максатта баш тарттым. Көрүнгөн партияга секире бербейин деп мурун социал демократтардан депутат болгонумду эстеп, Атамбаевдин уулу Сеиддин сунушуна макул болдум.

-Сиз депутат болгон КСДП партиясы шайлоого катышпай калды. Аны атайын жок кылыштыбы же тартып алам деп атып, Сагынбек Абдырахманов ара жолдо калтырдыбы?

-Менимче, партияны атайын жок кылышты. Ошон үчүн тартып алганга жол беришти. Бийликтегилер аны жок кылып, башка партия түзүп убара болбой эле, Атамбаевди ушундай иштерге жол бергени үчүн партиядан чыгардык. Мындан ары партиянын ишин биз колго алабыз деп, шайлоого КСДП менен  барышса, эл колдоп, көп добушка ээ болушмак. Тарыхы бар чоң партияны тартып алып, ара жолго таштап, калпыстыкка жол беришти.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости