www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев NazarNews маалымат агенттигине 2-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митинг тууралуу пикирин билдирди.
“2-март күнү Кыргызстанда эмне болуп атканы дүйнө жүзүнө маалым болуп жатты. Кыргызстан тынч эмес, дагы кагылышуулар болуп жатат деп чоочулашты. Кандай гана турист, инвестор болбосун, мындай мамлекеттерге келгенден коркушат. Ким эле ызы-чуу чыгып жаткан жерге баргысы келсин. Ал эле эмес ички инвесторлор да кооптонушат. Ишкерлер "мен иш баштасам тынч эле болобу" деп сураган учурлар көп кездешет. Кандай гана акыбал болбосун, башка элдин да укугун коргошубуз керек да, жөнөкөй эле өтүп бара жаткан, ошол эле учурда көйнөк кийип алган адамдарга эмне үчүн асылды. Мындан кийин көйнөк кийбей калышы керекпи? Ак үйдүн алдындагы аялдардын кылганы өтө терс көрүнүш.
Бизде митинг болгон учурда Америкада болчумун. Аларда деле митингдер болуп жатты. Бирок аларда жаман сөз сүйлөнүп, магазиндерди талкалап кетүү деген жок. Өздөрүнүн оюн билдирип, тынч тарап кетишет. Алар деле биздей эле адамдар, керек болсо биз алардан дагы жакшы адамдарбыз. Митинг өткөрүүнү үйрөнүп, көп нерселерди оңдошубуз керек. Митинг өткөрөм деген адам мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн алдын ала даярдык көрүнүшү керек”,-деди Маматалиев.
Мындан тышкары, ал митингдер болуп турганы жакшы. Эл өзүнүн айта турган нааразычылыгын, оюн бийликке түзмө-түз билдирип турса бул жакшы нерсеге алып келет. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болушу зарыл деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg