www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев коомубуз тынч, маданияттуу митингдерди өткөрүүгө даяр болбой жаткандыгын билдирди.
“Албетте, митинг, пикеттер – бул жарандын конституциялык укугу. Демократиялык коомдо ар бир жаран өзүнүн ой-пикирин эркин айтууга укуктуу. Бирок, митинг, пикеттин дагы өзүнүн тартиби, маданияты болушу керек. Маданияттуу өткөн элдик жыйында жарандар көздөгөнүнө жетип эле жүрөт. Бийлик элдин үнүн укпай жатат дегенге такыр кошула албайм. Мисалы: Уран маселеси, Ат-Башыдагы Логистикалык борбор маселелеринде элдин үнү тийиштүү жерге жетти го. Себеби, ал митингдер тынч маданияттуу өткөн. Ал эми митингге чыгып, бардыгын кыйратып, чагымчылдыкка жол берген элдик жыйындар көздөгөнүнө эч убакытта жетпейт”, - дейт Алмазбек Акматалиев.
Булак:NazarNews.kg