www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин учурунда вируска кабылган оор абалдагы бейтаптарды шашылыш түрдө ооруканага жеткирүүдө бир катар ыктыярчылардын жол эрежесин бузуулары «Коопсуз шаардын» камераларына катталып калган. Алардын арыздарынын негизинде айып пулдары кечириле тургандыгы айтылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей, бюрократия болуп, «мэрияга, саламаттыкты сактоо министрлигине баргыла» деп жөнөтүп, туура эмес мамиле болуп жатканын депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Ыктыячыларды керек болсо, «Силерди бирөө чык деди беле?» — дегенге чейин барып жатышыптыр. Андай мамиле болбойт. Комиссия түзүп, маселесин карап, чечип берип койсо болот эле. Ошондогу жол эрежелерин бузуулары боюнча айып пулдары дагы деле үйлөрүнө келип жатыптыр. Мына ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар», - деди Маматалиев.

Анын айтымында, ыктыярчылар ойноп, жыргаганынан жол эрежесин бузган жок. «Коопсуз шаардын» камераларына катталып калган аларды коргонуу кийимдеринен деле таанып койсо болот.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости