www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 23-декабрда белгисиз адамдар Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенин басып алышты. Бул тууралуу белгилүү укук коргоочу Качкынбек Булатов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Бүгүн кечки саат төрт чамасында Солтон-Сары жайлодогу алтын кору бар Көлтөр жана Чолок төр участкасын Эмгекчил айылынын 20 тургуну барып, компанияга карашту участканы басып алышты. Алар жабылган штольняны ачып кирип, өз билгендерин кылып жатышат.
Кайтарган кароолчуга бизге Нарындын губернатору уруксат берди деп аны коркутуу менен басып алышкан. Ушу убакта палаткаларын тигип, жабык штольняга кирип корду казып киришти”, – деп жазган ал.
Бул боюнча Нарын ОИИБине кайрылганда, басма сөз кызматы “Окуя болгон жерге милициянын атайын тобу кечээ жөнөп кеткен болчу. Бирок, кенге баруучу жол жабылып, атайын топ жолдо калышкан. Дагы деле кенге жете элек. Алар барып келгенде толук маалымат беребиз”, – деп билдирген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg