www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги депутаттар өз каражатыбызга кабинеттерибизди оңдойлу деген чакырык жасаган Марлен Маматалиев менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Марлен Абдырахманович ар бирибиз өз кабинетибизди оңдойлу деген демилгеңиз кесиптештериңиз тарабынан колдоо таптыбы?
-Буюрса, демилгемди колдоого алган кесиптештеримдин саны 10дон ашып калды. Буюрса, катарыбыз дагы көбөйөт. Мамлекет оңдоп берсин деп отура бербей өзүбүз оңдой бергенибиз эле оң. Анткени, депутаттардын 90 пайызынын өз кабинетин оңдоого мүмкүнчүлүгү жетет. Мамлекет ак үйдү оңдоткон каражатты тышкы карызды төлөөгө жумшаса, пайдалуу болмок деген ойдомун.
-Парламенттин иштөө мөөнөтүн узартканын сындагандар көбөйдү. Легитимсиз парламент легитимдүү чечимдерди жарата албайт деген пикирдегилер да арбын. Парламент неге тарап кетпей, иштөө мөөнөтүн узартып алды?
-Мындай чечимге юристтердин баары мыйзам жолунда деп корутунду бергенден кийин гана депутаттар добуш берди. Тагыраагы, депутаттар баары мыйзамдуу дегенден кийин добуш беришти.
-Баса, Акылбек Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго коомдук кеңешчи болгону коомчулуктун сынына кабылды. Коомдук кеңешчинин парламентте жана башка жерлерде бийликтин атынан сүйлөөгө укугу барбы?
-Акылбек Усенбековичтин тажрыйбасын, жакшы идеяларын, ойлорун сунуштарын эске алса болот. Дегеле кайсыл тармак болбосун дасыккан адистин жакшы, туура сунуштарын кабыл алып, анализдеп элге керек болсо колдонуш керек. Мен деле убагында көп эле Премьер-министрлерге түрдүү иш-чараларда сунуштарымдыберип жүргөм. Тагыраагы, мамлекет башындагылар жаңыча ой жүгүртө алган, идеяга бай, билимдүү жаштардын кеңештерин эске алса, ашыкча болбойт.
-Шайлоону токтотуп, референдумга бет алып, калпыстыкка жол берген жокпузбу?
-Талаштуу маселе болуп, түрдүү пикирлер, сындар айтылып жатат. Бирок, бизге кандай башкаруу керектигин так аныктап ала турган мезгил келди. Мүмкүн 100 пайыз парламенттик башкаруу туурадыр. Балким президенти жок премьер-министр башкарган башкаруу ыңгайлуудур. А мүмкүн президент баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, премьер-министри жок эле башкарган башкаруу туурадыр. Кыскасы, жети өлчөп бир кесип, мамлекетти алдыга сүйрөй турган башкаруунун формасын аныктап алышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg