www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сот «Актив» партиясы менен «Демократия жана адам укуктары үчүн коалиция» коомдук бирикмесинин талабын колдоду. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоону кайрадан 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарууну суранган.

Муну менен сот БШКнын 21-октябрдагы чечимин жокко чыгарды.

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоону артка жылдыруу боюнча мыйзам долбоорду жактырган.

Бул мыйзам долбоор депутаттар Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков, Өмүрбек Бакиров тарабынан сунушталган. Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, 83 депутат мыйзам долбоорду жактырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости