www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги саясий эксперт Марс Сариев менен Батукаевди эркиндикке чыгышына шарт түзгөндөрдүн көпчүлүгү тергөө менен кызматташканы үчүн айып пул төлөп, жазадан бошогону боюнча баарлаштык.
-Марс мырза, Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышына шарт түзгөн Шамил Атаханов, кызыл килем менен узаткан Зарылбек Рысалиев баштаган топ тергөө менен кызматташты деген шылтоо менен жазадан оңой кутула турган болушуптур. 300 000 сом айып пул менен жазадан куткарган соттун чечими адилеттүү эле болдубу?
-Жаңы кодекс ишке киргенден бери тергөө менен кызматташты деген жобо менен акыркы мезгилде айыптуулардын жазасы жеңилдеп жатканына күбө боло баштадык. Тагыраагы, бул жобону биринчи ТЭЦтеги чулгандуу окуянын каармандарына колдонушкан. Осмонбек Артыкбаев баш болгон бир канча адам айып пул төлөп, жазадан кутулушкан. Эми ал жобону Батукаевдин ишинде колдоно башташты.
-Эгер чындап Батукаевди чыгарып жибергендин өзү чоң кылмыш болсо, анда неге аны алып келүүнүн аракетин көрүшпөйт?
-Азиз Батукаевди Россия экстрадициялаарын Кудай билет. Ошондой азыркы бийлик Батукаевди алып келгенге абдан кызыкдар деле эмес. Анткени, шайлоо жакындап калганда эч ким кырдаалдын курчушун каалабайт. Ошон үчүн Батукаевге байланышкан ишти компромисстик жол менен чечүүгө аракет кылып жатышат. Анткени, бул иш абдан кылдаттыкты талап кылган, чоң саясат менен байланышкан маселелердин бири. Чоң саясаттын тиешеси бар болгон үчүн аны эркиндикке чыгарууга аргасыз болушкан. Эми шайлоонун алдында жаңы каршылаштарды чыгарып албайлы деген максатта күнөөлүүлөрдүн жазасын жеңилдетип, айып пул төлөтүп болсо да ишти жабууга ашыгып жатышат. Себеби, азыр ансыз да кылмыш иши козголуп, камакта отургандар жетиштүү. Ошон үчүн дагы бир канча адамды камап, маселе жараткандан кооптонуп, айып пул гана салышты.
Булак: NazarNews.kg