www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жигиттин абалы жакшырып, суроолорго жооп берип баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жайыл райондук оорукананын дарыгерлери билдиришкен. 
Аталган басылмасынын өздүк булактарынын маалыматына караганда, Б.Марсбек берген көрсөтмөсүндө кызды өлтүрбөгөнүн жана окуя боюнча эсинде эч нерсе жок экендигин билдирген.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз кечээ, 29-майда жерге берилген эле.

Кечээ, 29-майда Чүй ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев Бишкек шаарында маалымат жыйын куруп, Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигит бычактаган 20 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат бергендиги маалымдалган.

«Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспектор кызды жарандарды кабыл алуучу бөлмөгө алып кирген. Изделген унаа кармалганы тууралуу кыздын туугандары менен Биринчи май РИИБге маалымат берилген. Ал эми унаада кыз менен бирге бара жаткан Марсбек (кызды ала качкан жигит) менен Акмат РИИБдин короосунда турган. Инспектор унаа кармалгандыгы тууралуу рапорт даярдашы керек болчу.

Ушул учурда РИИБдин дарбазасы такылдап, инспектор ачканда 20-25 секунд ичинде Марсбек байпагына бычак каткан бойдон кыз отурган бөлмөгө кирип кеткен. Ал эшикти ичинен бекитип, кызга 3 жолу, өзүнүн курсагына 4 жолу бычак сайган. Дабышты уккан милиция кызматкерлери эшикти талкалап киришкенде Марсбек менен Бурулай жерде жатышкан», - деди Н.Сарчаев.

Милиция кызматкерлеринин жанында кызды бычактап өлтүргөн жигит Бишкектеги №240 кичи автобустун айдоочу болуп эмгектенип жүргөн. Ал Бурулайды буга чейин да бир ирет ала качып кетип, ата-энеси кайра алып келген. Бул тууралуу турмуш сайты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg
 
 

Последние новости