www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түндүк» бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашовдун үйүнөн табылган байлыктар коомчулуктун оозун жакшы эле ачырды. Айбашов баасы 50 миң долларлык алтын сааттарды, көз жоосун алган хансарайын кантип тапканы айтпаса да түшүнүктүү деңизчи. Бизди кызыктырганы, бир бажы өткөрмө пунктун жетектеген адамдын байлыгы бул болсо, анын башында тургандардын, тагыраагы Айбашевди калкалагандардын  жыйнагандары канча болду экен, ыя? Чындыгында элестеткенден коркосуң…

Акыркы 6 жылда бажы кызматындагы көзөмөл өткөрмө пункттардын жетекчилеринин баарын Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимов аркылуу башкарып турду. АША системадагы схемаларынын ийгиликтүү иштөөсү үчүн "Райым миллион" аркылуу бардык жерге өзүнүн карларын дайындаттырып келген. Алардын баары контрабанда, көмүскө экономика, коррупциялык схемалар аркылуу тапкандарынын көпчүлүк бөлүгүн Райымбек Матраимовго беришип, ал болсо Атамбаевге жеткирип турган. Нурбек Айбашов да ошондой тапкандарынын 10 пайызын өзүнө калтырып, калганын берип келгендердин бири.

Нурбек Айбашов АША менен Райымдын ишеничине кантип кирип, алардын командасына кантип кошулган деп баш катырышы мүмкүн. Мунун жандырмагы оңой эле. Бул Айбашов күнү-түнү АШАны мактап, социалдык тармактарда аны колдогон "армияны" каржылап келген Адилет Калыгулов деген шылуундун өкүл атасы. Анан дагы УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен да мамилеси жакшы. Мына ушулар да Айбаешевге "карыша" болуп, анын "системага" аралашышына салым кошкон. Андыктан Айбашов маселесинде АША менен Райым-миллионду эстен чыгарбоо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости