www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер иш таштады. Шаар тургундары багытына жете албай жүдөп жатат. Буга чейин ТЭЦ, президент менен экс-президенттин ортосундагы мамилени талкуулагандар маршруттук такси жөнүндө сөз кылып калышты.

Өтө ишенимдүү булактардын айтымында, маршруттук иш таштоонун артында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана транспорттук каттамдар фирмасына ээлик кылган шаардык кеңештин депутаттары турат.

Себеби, бүгүн Жогорку Кеңеште ТЭЦти жаңылоодо болгон коррупциялар жөнүндө депутаттык комиссия отурумга чогулат.

Атайын ушул күнгө туштап иш таштоо, ТЭЦтен элдин пикирин алыстатуу, алаксытуу ыкмасы. ТЭЦтеги миллиондоп уурдалган акча каражаттарына экс-президенттин түз тийешеси болушу мүмкүн. Ошон үчүн Мэр Албек Ибраимов аркылуу коомчулуктун пикирин буруп жатат. Эми, ТЭЦ маселеси бүтмөйүнчө ушундай маселе, жасалма көңүл бурдуруулар жарала берет. Анын бир гана себеби бар - Атамбаевдин корккону.

Булак: telegra.ph

Последние новости