www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-апрелдин таңынан тарта Бишкек шаарынын тургундары жумуш орундарына жете албай, катуу убаракерчилик тартышты. Жумушуна кечиккендер, балдарын бакчаларга өз убагында жеткире албагандар маршруттук таксилердин жумуш таштоосуна нааразы болушту.

Бул маршруттук таксилердин жумуш таштоосунун артында экс-президент А. Атамбаевдин тураары да көп өтпөй билинди. Эмнеге дейсизби? Ачыгын айтып беребиз. Өз аты-жөнүн атагысы келбеген (коопсуздугу үчүн) маршруттук таксинин айдоочусу маалымат булактарынын бирине «Мен иш таштоого каршы болчумун. Маршрутка чыгууну каалагам, бирок уюштуруучулар «ким иш таштабаса жана маршрутка чыкса, бусту оодарып, аны талкалап же таптакыр эле өрттөп» салышаарын айтты. Андыктан мен дагы өз транспортумду сактоо үчүн иш таштоого аргасыз болдум. Бул менин жеке менчигим да», - деген пикирин билдирген.

Ал бул иш таштоонун уюштуруучулары кимдер экенин билбей турганын, ага администрациядан чалышканын айткан. «Иш таштоону камсыздандыруу үчүн гана жасашкан жок. Жол киренин акысын 15 сомго көтөрүүнү да талап кылышууда», - дейт ал айдоочу. Анын айтымында бул иш таштоо эки күнгө созулат.

Мына ушундай пикирдеги маршруттук таксилердин айдоочулары өтө көп. Анда неге атайылап иш таштоо уюштурулууда.

Бизге ишенимдүү булактардан айтылган маалыматка караганда, маршруттук таксилердин иш таштоосунун артында Бишкек мэри Албек Ибраимов жана транспорттук каттамдар фирмасына элик кылган шаардык кеңештин депутаттары турат. Алар дал ушул 2-апрель күндү тандап алышкан. Себеби, 2-апрелде Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иш-аракеттер боюнча депутаттык комиссия отурумга чогулат. Ал эми бул коррупциялык иштердин бетинин ачылышы экс-президент үчүн да, анын айлана-тегерегиндегилер үчүн да пайдалуу эмес, коркунучтуу. Ошондон улам А. Атамбаев аргасыздан саясатка да кайтып келип, минтип өзүнүн бийликтеги кадрлары аркылуу жасалма иш таштоону уюштурууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости