www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында жол кырсыгына себепкер болуп, адам өлүмүнө алып келген айдоочулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Мындай учурда жабырлануучу тарап менен келишип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу мүмкүнчүлүгү жоюлат.
Ошондой эле мопеддер механикалык транспорт каражаттарына теңелип, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк жана мамлекеттик каттоо номери милдеттүү болот.
Талкуу учурунда депутаттар бул нормалар курьердик кызматта иштеген жарандарга кыйынчылык жаратпашы керектигин жана ишке ашыруу механизмин так иштеп чыгууну белгилешти.