www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан жаңы 20 мектептин курулуш этабы менен таанышып, жеке көзмөлүнө алууда.

Алардын бири борбор калаанын №8 кичи району 19/1 дарегинде курулуп жаткан 600 орундуу окуу корпусу. Бул объект №64 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусу болуп саналат. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аяктап, курулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш жүрүшү менен таанышып, иштердин ар бир этабын белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен өз убагында бүткөрүү боюнча эскертүү берип, тиешелүү тапшырмаларды койду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Последние новости