www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте журналист Алтынай Арстанбекованын кармалганы тастыкталды. Ага бийликке каршы фейк аккаунттар аркылуу терс билдирүүлөрдү жазган деген айып тагылып жатканы маалым болду.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Арстанбекованы ИИМдин Тергөө кызматына алып барышкан. Ал жерде ага расмий айып тагылган. Андан кийин кармалган журналист убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Арстанбекова акыркы сегиз жылдан бери кайсы бир белгилүү маалымат каражатында иштебейт. Ал өзүн көз карандысыз журналист деп атап келет.
Белгилей кетсек, биздин редакцияга Алтынай Арстанбекова кайсы фейк аккаунттары аркылуу кимди каралап жазып жүргөнү, жана отчёт катары кимге жиберип турганы боюнча ишенимдүү булактардан маалымат келип түштү.
