www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгүнү «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «7 балалуу энелердин балдарынан бир-экөөсү соттолсо «Баатыр эне» наамын бербеш керек» деп мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө шыкакчы болгонуна, тетири кеткенине көпчүлүк катмар нааразылыгын билдиришти. Жашоодо ар кандай кырсыктар болот.

Балким 7 баланын бири кокусунан соттолуп калышы мүмкүн. Кайсы эле эне баласын «кылмышкер болсун» деп тарбияламак эле? «Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылат» деген кеп бар. Ансыңарындай, Исхак Масалиевдин жогорудагы пикири осол болуп калганын ашкерелеп коёлу. Ал 2010-жылы май айында Үсөн Сыдыковго кошула коюп, Кыргызстанга бүлүк салууга ашыкканы, контрреволюционер катары шектелгени жалганбы? Камакка алынганын билебиз да.

Ошондо Алмазбек Атамбаев кечирим бербесе, Исхак мырза оор беренелер менен соттолуп кетип, азыр түрмөдө эки көзүн жалдыратып отурмак. Ооба, бул эргул олуттуу кылмышка шектелип камалган болчу. Эмй айтып турганын кара…

Маселен, эне 7 бала төрөп, аларды азап менен чоңойтсо, кийин бир баласы жазатайып соттолуп калса, «Баатыр эне» наамы берилбеш керек экен да. Азыр милиция, прокурор, сотторго ким ишенет?

Кыскасы, Масалиевдин мындай көз карашы курулай эле аксынуу, арканды алыс ыргыта албаган түркөйлүк сымал болуп калды го?..

Эми Масалиевдин кесепети өз керт башына тийбестен, көп балалуу энелер «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаевге да нааразы болушуп, президенттик шайлоодо тиешелүү добуштарын салбай коюшса кантебиз? Албетте, бул олуттуу суроо. Жообун табуу зарыл…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости