www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Казакстан жана Кыргызстандын аскерлерин Сирия өлкөсүнө жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жатканы белгилүү болду. Бул маселе боюнча өз оюн билүү үчүн мурдагы премьер-министр Феликс Куловго кайрылдык.

-Азыр расмий түрдө Россия тараптан сунуш келип түшө элек. Эгерде ушундай сунуш келип түшсө, биз “Голубая каска” уюмунун функцияларын аткарсак болот. Алар Сирияда биздин аскерлерди согуш талаасында колдонбошу керек. Биздин аскерлер “ Голубая каска” алкагында тынчтык орнотуу, жардам берүү үчүн Сирияга барышса болот. Ошондой таризде сунуш келип түшсө сүйлөшүүлөргө барыш керек. Анда деле автоматтык түрдө макулдугун бербей, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Мен дагы бир жолу кайталап кетейин биздин аскерлер тынчтык үчүн барган “Голубая каска” статусуна ээ болуусу керек. Алардын функциясы аскердик-полицейскийлер. Алардын милдети тынчтыкты орнотуу. Эгерде биз макулдугубузду берсек.

-Сиз аскер адамы катары айтсаңыз, биз аскерлер барган менен жыйынтык чыгабы?

-Менин практикамда, мен вице-президент болуп турганда Тажикстанда жарандык согуш болуп жаткан. Ошондо мага КМШ өлкөлөрүнүн президенттери Тажикстанга тынчтык орнотуу миссиясы менен барууга тапшырма беришти. Мага тынчтык орнотуу миссиясын өткөрүү үчүн жетекчилик кылуу тапшырмасы берилген. Биз гуманитардык жардамды элдерге жеткирүү үчүн барышыбыз керек болчу. Согушуп жаткан тараптар бири биринен коркушуп, ишенбегендиктен гуманитардык жардам бара турган жерине жетпей калчу. Бизге согушуп жаткан эки тараптан тең ошо гуманитардык жардамды эч ким талкалап кетпеш үчүн, карапайым элге жеткирүү сунушу түштү. Мен аларга тосмо сунуш киргиздим. Мен айттым, макул биз парламенттин жана президенттин алдына жүктү жеткирүү үчүн маселени коёбуз бирок, силер алдыда барасыңар, биз силердин артыңардан барабыз. Биз силер бири бириңерге кол салбоо үчүн, кепил болуп баралы деп айттым. Эки тарап тең макул болушту. Мен Бишкекке келип парламентте депутаттарга айттым, алар “кокуй кереги жок, биз барбайбыз, биздин аскерлерди өлтүрүп салышат” дешти. Мен айттым, мен алар менен чогу барам дедим. депутаттар өзүңүз барсаңыз бара бериңиз, балдарды жөнөтпөйбүз дешти. Мен макул дедим депутаттарга.

 -Сиз депутаттар макул болбосо, кантип барып калдыңыз?

-Мен депутаттарга келгенге чейин аскерлер менен сүйлөшкөнмүн, алар баары жолдош генерал биз даярбыз деп айтышты. Түздөн түз коркунуч болбогон кийин, биз өзүбүздү сындап көрүшүбүз керек. Алар бизден эмнеге коркчу эмес, анткени биз анча чоң эмес өлкөбүз. Биз согушка барбайбыз, биз мусулмандарбыз, ошондуктан алар бизге ишенишчү. Сирияга деле ошондой болсо барса болот. Дагы бир жолу кайталайын Сирияга согушууга эмес, тынчтык орнотуп жардам берүүгө. Бул жерде маселе эки согушуп жаткан тарапты сүйлөшүүлөргө чакыруу максатында барса болот. Эгер Сирия тарапка гуманитардык жардам керек болсо, анда алар менен сүйлөшүүбүз керек. Биз согушуп жактан тарапка биздин аскерлер тынчтык үчүн карапайым калкка, мусулман бир туугандарга жардам берүү үчүн бара жатышат деп айтыш керек. Алар Россияга ишенишпейт. Мисалы үчүн боевиктер бир щаарда согушуп жатса, ал шаарга орустарды, америкалыктарды киргизбейт. Эгер алыскы Кыргызстандан мусулман туугандар барса, анда алар бизге ишенип киргизүүсү мүмкүн. Бул сүйлөшүүлөр ошон үчүн сунушталып жатышы мүмкүн.

–Эгер Сирияга барганга тура келип калса, Тажикстандагы ыкманы колдонсо болобу?

-Эки тарап менен тең сүйлөшүп, биз барсак бизди өлтүрбөөгө кепилдик берсе гана барышыбыз керек. Дагы бир жолу кайталайм, согушуп жаткан эки тарап менен тең сүйлөшүп, алар макул болсо анан барышыбыз керек. Ошо менин практикада болгон көрүнүшкө салып жасасак болот. Ошол кезде Тажикстанда жарандык согуш болуп жатканда Эмомоли Рахмон менен сүйлөшкөм, ал кезде депутат болчу. Ошол суранган. Абдулло Мулло менен сүйлөшкөм. Боевиктер менен сүйлөшкөм. Алар баары чогулуп алдыга алар барып, алардын артында биз кепил катары барганга сүйлөшкөнбүз. Бул жерде саясый сүйлөшүүлөргө барышыбыз керек. Балдарды согушка жөн эле жөнөтпөшүбүз керек. Алар түшүнүшү керек, биз согуш үчүн эмес, тынчтык үчүн келгенибизди. Жөн эле жардам бергени гана барса болот. Мен катардагы жаран катары бармакмын, мейли мени биринчи жазып коюшсун. Мусулман бир туугандарга жардам берүү үчүн мен бармакмын .

 –Эгерде биз Россиянын сунушун четке кагып, барбай койсок кандай болот?

–Эч нерсе болбойт. Биз эгемендүү өлкөбүз. Аскерлерибизди жибербей койгонго толук укуктуубуз.

Булак: "fakt.kg"

Последние новости