www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизге жеткен маалыматтарга караганда Ош шаарында бүгүнкү күндө бийлик тарабынан президенттикке соттордун чечимин сунушталып жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогула деп активдүү административдик ресурсту колдонуу башталган. Алсак Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахоб Нурбаев жана Алияр аттуу жергиликтүү депутат, Жапалак айыл аймагында жашаган жаштарды жыйнап чогултуп, “эми өзүбүздөн болуп жаткандан кийин колдошубуз керек” да Сооронбай Жээнбековду мактап баштаганда эле жаштар сыртка чыгып кетишкен.
Ошентип ЖК депутаты Абдувахоб Нурбаев, Алияр аттуу кошчулары менен Жапалак айында Сокеге үгүт иштерин баштаган. Андан сырткары Ош облусундагы Жогорку окуу жайларына Сокени колдогула деп, “буйрук” Ак үйдөн кетиптир. Кыскасы үгүт иштери башталыптыр. БШК тараптан жымжырттык өкүм сүрүүдө.
Кыргыз элине “өзүбүздүкү да” деген талапкер керекпи же Өлкөнүн келечегин ойлогон инсанбы?!
Булак: NazarNews.kg