www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Казакстан жана Кыргызстандын аскерлерин Сирия өлкөсүнө жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жатканы белгилүү болду. Бул маселе боюнча өз оюн билүү үчүн мурдагы депутат Равшан Жээнбековго кайрылдык.
-Азыркы учурда бул маселе боюнча биздин өкмөт билдирүүлөрүн бере элек. Кандай жооп берет белгисиз. Эгерде Россия бийлиги күчтөп, же аябай катуу сурана турган болсо, биздин бийлигибиздин макул болуп жиберет деген коркунуч бар.
Анткени биздин бийлик толугу менен баш ийет да. Ошентсе дагы биз саясатчылар жана активдүү жарандар буга каршы турушубуз керек. Бул биздин согуш эмес. Сирияда биз коргой турган ал жерде эч нерсе жок. Анткени тарых да дагы Россиянын аты менен согушка кирген учурларыбыз өзүн актаган жок. Эгерде азыр Сирия маселесин ала турган болсок, Россиянын Сирия өлкөсүндө ээлеп аткан орду дүйнөлүк демократиялык мамлекеттерге каршы туруп, Башар Асадды колдоп атканы туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан биз бул жактан аскерлерди бардырбоого аракет кылышыбыз керек.
-Биз ЕАЭБке мүчө болуп киргенден кийин Сирияга кыргыз аскерлерибиз барууга милдеттүү болуп калууда деген маалыматтар бар. Буга кандай карайсыз?
-Жок андай эмес. Бизде ЖККУ деген уюм бар. Эгерде ошол ЖККУ деген уюмдун мүчөлөрүнө түздөн- түз кимдир бирөө согуш жарыялай турган болсо, анда биз барууга милдеттүүбүз. Ал эми Сирия ЖККУ уюмуна эч кандай тиешеси жок. Экинчиден эч бир мамлекет ЖККУ уюмуна кирген өлкөлөргө кол салган жок. Ошондуктан биз Сириядагы согушка барбай койгонго мыйзамдык жактан дагы , маралдык жактан дагы укугубуз бар. Ошондуктан кайсы мамлекет ким менен согушуп жатканы, ал өздөрүнүн маселеси. Кыргызстандын маселеси эмес.
Булак: "fakt.kg"