www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекендештер! Эсиңиздерде болсо керек, 2013-жылдан бери Ыссык-Көлдөгү комплексдеги “Курманжан Датка” фонду боюнча, Эркингүл Иманкожоева жана Асия Сасыкбаевалар жалган-жалаа менен ушак таратышып келишкен. “Курманжан Датка” атындагы коомдук кайрымдуулук фонду, Жылдызкан Джолдошованын жеке фонду, ошондой эле “Курманжан Датка” комплексин куруу үчүн жеке фондко 48, 5 млн.сом, 1млн. доллар бюджеттен бөлүнүп берилген”, деп. Ушуну менен чектелип калбай, А.Сасыкбаева Ош окуясы боюнча мени күнөөлөгөн далилсиз сөздөрдү айткандыгы үчүн экөөнү тең 2014-жылы сотко берген элем.
2015-жылы аталган комплекс боюнча Сасыкбаевага 10 миң сом айып салса, ал эми Ош окуясы боюнча 2016-жылы 50 миң сом айып акчаны Биринчи май райондук соту Сасыкбаевага салган жана ал тарабынан айтылган жалган-жалаалар жокко чыгарылган. Ал эми Э.Иманкожоевага Бишкек шаардык соту тарабынан 10 миң сом штраф салынып, айтылган жалган-жалаалары да 2017-жылы жокко чыгарылган. Аталган комплекстин жери 15,6 га КР Жогорку Кеңешин ( 4068-V, 22. 05. 2014 ж), о.э. Өкмөтүнүн (682, 28.11.2014 ж) негизинде КР Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүлүп берилген. Соттун чечими менен кабыл алынган 60 миң сом айып Ош шаарынын балдар үйүнө которулушу зарыл. Бул маселени, соттордун чечимдеринин аткарылышын Соттук департамент чечиш керек. Өлкө башчылары болобу, жөнөкөй жаран болобу жалган маалымат таратууга мыйзам жол бербешин эстен чыгарбасак.
Сиздерди терең урматтоо менен Жылдызкан Жолдошова
Булак: NazarNews.kg