www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар мыйзамдан “аз камсыз болгон үй-бүлө” деген терминди алып салышты. Жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн депутаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу түшүнүктү атайылап алып салышкан.

Анткени, демилгечилердини бири КСДПчы Карамат Орозованын айтымында “элдер кирешелери жөнүндө декларация тапшырышпайт, мүлктөрүн башкаларга каттатып коюшат, ошондуктан үй-бүлөнүн аз камсыз болгонун аныктоо кыйын” экен.

Ушинтип, ажобуз “Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарынан чыгып, мен башкарган мезгил ичинде өлкө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө барды” деп мактанса, жылуу орундуктарда чалкалаган депутаттар “бизде жакырлар жок, алардын баары байлыктарын жаап-жашырып жатышат” деп, кедей-кембагалдарга болгон жеңилдиктерди кесип-кыркуунун аракетинде.

Депутат Кенжебек Бокоев аз камсыз болгондордун абалын андан бетер кыйындаткан мыйзамдарды кабыл албаш керек.

Булак: “Алиби”

Последние новости