www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегеранда Орусия лидери Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Путин өлкөлөр ортосундагы мамиле эч нерсеге карабай өнүгүп жатканын, соода жүгүртүүнүн темпи жогорулаганын белгиледи.

"Астана саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга абдан кубанычтамын. Албетте, суроолор көп. Мен сизге ортомчулук аракеттериңиз, сүйлөшүүлөр үчүн түрк платформасын камсыз кылганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Азык-түлүк маселеси, Кара деңиз аркылуу эгин экспорту боюнча сиздин ортомчулугуңуздун арты менен алдыга жылдык. Туура, бардык маселелер али чечиле элек, бирок кыймыл болуп жатат”, — деди Путин.

Анын айтымында, Сирия маселеси боюнча дагы көптөгөн суроолор бар. Бирок эки тараптуу ири долбоорлор алдыга жылып, өнүгүп жатат.

"Албетте, дагы бир маанилүү маселе — Карабах проблемасын жөнгө салуу. Мен жакында эле Каспий саммитинин алкагында Азербайжандын президенти менен жолугуштум, ал сизге чоң салам айтты”, — деди Путин.

Эрдоган Астана саммитинин алкагындагы жолугушуу абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Бүгүн биз сиздер менен абдан чоң, кеңири күн тартибин бөлүшөбүз. Жакында Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Орусия тараптын позициясы абдан позитивдүү жана конструктивдүү болду. Албетте, бул сүйлөшүүлөрдөн кийин биз жете турган жыйынтык бүткүл дүйнөдө талкууланат”, — деди Түркия президенти.

Ал сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости