www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Маша жана аюу” аттуу Орусиянын мультфильми бир нече мамлекеттерде балакайлар үчүн эң сүйүктүү тасмага айланып өз ордун тапмак тургай ашып кетти.

Алсак, мультфильмдин Youtube’дагы англисче бөлүмү 4,2 миллион көрүүчүнү тапса, айрым баракчаларда 40 миллиарддан ашуун көрүлгөн.

Британиянын Букингем университетинин коопсуздук боюнча жетекчиси Энтони Глис “Times”ка “Маша жана аюу” мультфильми тууралуу маек берген.

--“Атактуу “Маша жана аюу” мультфильми аскерий такшалган мүнөзгө ээ. Машанын аракети өтө өжөр жана кежир. Бул мультфильмден Путиндин “манёврын” көрүшүң мүмкүн”, деген  Энтони Глис.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган атактуу мультфильм тууралуу Финляндия, Эстония жана Литванын маалымат майданы жазып келишкен. Алар, “аскердик кийим кийген Маша, аюнун багын кайтарып жатканда коён сабизге уурулукка киргенге аракет кылат. Маша уурулуктун алдын алат”, так ушул эпизод Россиянын агрессивдүү саясатына дал келген көрүнүш деп жазган.

Аталган мультфильмдин жаратуучусу “Анимаккорд” компаниясынын директору Дмитрий Довейко жогорку пикирге өзүнүн оюн төмөнкүчө билдирген.

--“Биз эркин компаниябыз. Ошол эле учурда аталган мултьфильмдин саясатка таптакыр тийешеси жок”, деген Дмитрий Довейко.

Бобурмирзо Умаров, Ташкент шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости