www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагы 2021-жылдын 6-февралына чейин узартылды.

«Сотто мен Курсан Асанов борбордон сырткары жакка чыгышы керектигин айттым. Бирок сот мындай ыйгарым укуктарга Ички иштер министрлиги ээ экендигин айтты. Ал эми министрлик жоопкерчиликти сотко өткөрүп жатат», – деди Чынара Жакупбекова.

Эске салсак, Курсан Асанов эки кылмыш иши: – Кой-Таш айылындагы окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, ошондой эле парламенттик шайлоодон кийинки окуяларда массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости