www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда Борбор Азия жарандарынын ортосунда жапырт мушташуу болгондон кийин алты тажикстандыкка «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Алар камакка алынды.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, мушташ Санкт-Петербургдун Приморский районунда болгон. Себеби айтылган жок. Бул арада айрым ЖМКлар башаламандыкка жүздөй адам катышканын, арасында жыгач казыктар, темир шиштер менен куралдангандар болгонун жазышты.

Полиция 45 кишини кармаганын, 130 чет өлкөлүк жарандын документи текшерилип, алардын бирине жалган документ жасаганы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мушташ боюнча кылмыш иши козголгон алты тажикстандык курулуш компанияларынын биринде иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости