www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский шайлоочулардын жарымынан көбүнөн кол жууду

Украинанын президенти шайлоочулардын жарымынан көбүн жоготту. Бул тууралуу "Рейтинг" тобу сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Украинанын президентин шайлоодо Володимир Зеленскийди тандагандардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндө алардын 43 пайызы гана кайрадан Зеленскийге добуш берерин билдиришкен.

Ал эми Зеленскийдин талапкерлигин экинчи айлампада колдогондордун 33 пайызы башка талапкерди колдоорун, 15 пайызы таптакыр добуш бербей турганын айткан. Ошондой эле Зеленскийди колдогондордун 8 пайызы аны кайрадан колдойбузбу деген суроого жооп бере алышкан эмес.

Сурамжылоо Донецк жана Луганск облустарынын көзөмөлсүз аймактарын эске албаганда, 13-марттан 21-мартка чейин бүткүл Украина боюнча жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости