www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү шайлоолорго карата жарандарды массалык түрдө каттоого алган Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтарынан четтетилди.

Атай айтсак, Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 3079 адам), Токмок шаарында 6745 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 714 адам) жана Каракол шаарында 3159 киши (былтыр ноябрь-декабрь айларында 345 адам) каттого турган.

Бул коррупциялык элемент катары бааланууда. Ошто убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшү жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу маалыматтарды Ош шаардык милициясы «Добуш сатып алуу» беренеси менен иликтеп жатат.

17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жабык өткөн жыйынында Ошто бир эле үйгө 1300 киши катталганы ачыкка чыккан.

Эске салсак, Баткен, Жалал Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде өткөнү турат.

Булак: Де-Факто

Последние новости