www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, депутаттар транспорттук көзөмөл жайларына салмак-көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, ага Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин жетекчиси А.Бекмуратов пара бергени үчүн камакка алынгандан кийин, анын ордуна орун басары Касымалы уулу Арсланбек жыйынга катышып жаткан. Ал эргул депугаттардын суроосуна так жооп бере албай мукактанганда, эл өкүлдөрүнүн бири ачууланып: «Өзү сиз иштеп жаткан кызмат кандай аталат?» деди эле, кашайгыр Арсланбек билбей койду.
Өзү иштеген мекеменин аталышын атай албай койду. Бул факты - мамлекетти чиритип жаткан тааныш-билиш менен кызматка орношуунун накта далили болду. Өлкөбүз ушундайлардын айынан өбөктөп, өнүкпөй жатканы чын. Депутаттар да өзүнүн кызматын кандай аталышын билбеген адамдар кантип иштеп жатканына таң калышып, «тез арада мындай кызматкерди иштен алыш керек. Жетекчиси кармалып жатса, мындайлар да алардын арасында кошо отурушу керек» дешти. Өкмөт өкүлүнө кайрылып, «премьер-министрге айтып барыңыз», - деп айтышты.
Эми Өкмөт башчысы депутаттардын үнүн угабы же буга чейин боло келгендей орун басар экенине карап, өз кызматы кандай аталарын билбеген адамды жетекчи кылып дайындап жиберип шерменде кылар бекен? Күспүрүштү күтө туралык.
Булак: Де-Факто