www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы 2-май күнү саат 10:00дө Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Матраимов арызында аны кызматынан алуу боюнча "өкмөттүн чечимин мыйзамсыз" деп табууну жана "кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү" өтүнгөн.

Мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, “Исаков инисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” ырастаган.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болсо болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган. Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости