www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанынан Көк-Арт суусуна 1,5 миллион кубометр жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калышы менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына суу каптоо коркунучу жаралган. Буга карата жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү? Эмнелар жасалды? Азыркы абал кандай? Ушуну билүү максатында КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым-укуктуу өкулү – Жарандык коргонуунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиевге суроолор менен кайрылдык.
-Азыр Сузак жана Жалал-Абад аймактарында коркунуч жокпу? Жалпы абал кандай?
-Азыр абал кооптуу деп айтууга болбойт, Көк-Арт суусу өз нугун менен ага баштады. Буюрса, калктын коопсуздугу көзөмөлдө турат. Ар кандай кырдалага карата зарыл даярдыктарды көргөнбүз, азыр да көрүп жатабыз.
-Жергиликтүү бийликтер кырдаалга карата кандай чараларды көрүштү? Коомчулук ушуга кызыгып турган чагы.
-Албетте, кооптуу кырдаал түзүлөрү менен дароо аракетти баштаганбыз. Кооптуу аймакка атайын адистер жөнөтүлүп, алар дайыма байкоо салып турушту. Көк-Арт суусун бөгөп калган аймакка менин биринчи орун басарым жооп топ адистер менен барып, иштин чоо-жайын көрүп, билип, дароо областтык штаб түзгөнбүз. Себеби, кечээ чынында эле абал кыйла кооптуу болчу. Анткени, суунун ылдый жагындагы айылдарда жашаган элдин коопсуздугун сактоо чараларын көрүшүбүз керек эле. Ошол максатта 16-00дө биз областтык штабдын жыйынын өткөрүп, элди коопсуз жайга көчүрүү, сактап калуу чараларын карадык. Бардыкк ызматтарга так тапшырмалар берилди жана аны биздин кызматтар күнү-түнү менен аткарышты.
-Кайсы айылдар кооптуу абалда калышты эле?
-Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы 3 айыл, Кызыл-Туу айыл аймагындагы 2 айыл, Сузак айыл аймагындагы 4 айыл, Таш-Булак айыл аймагындагы 2 айыл, Ырыс айыл аймагындагы 2 айыл, Кара-Дарыя айыл аймагындагы 2 айыл, Курманбек айылындагы жер көчкөн Сары-Булак айылы, Ленин айыл аймагындагы бир айыл суу каптоо коркунучунда турган. Биз ал жердеги калкты коопсуз жайга көчүрүү аракеттерин жасадык. Элге түшүндүрүү иштерин алып бардык.
-Суу каптоонун алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү?
-Жалал-Абад шаарындагы суу каптоо коркунучу бар аймактарда бир канча техникалар, адистер бардык зарыл шарттары менен иш алып барышты. Ушундай эле Сузак айыл аймагында суунун нугун тазалоо иштери жүрдү, буга да бир катар атайын техникалар тартылды. Жогорудагы саналган айыл аймактарынын бардыгында көптөгөн техникалар, адистер жээктерди бекемдөө, нукту тазалоо иштерин алып барышты. Азыр да бул иштер жүрүп жатат, 50дөн ашык техникалар иштеп жатышат.
-Көчүрүү чараларын да айттыңыз, бул жагынан кандай даярдык чаралары болду эле?
-Эгер кооптуу абал түзүлсө, анда элди дароо көчүрүп чыгуу зарыл болмок. Аны үчүн Жалал-Абад шаарында эл ташуучу 8 кичи жана чоң автобустар, Сузак районунда 135 кичи автобустар, жалпысынан 150гө жакын кичи автобустар даярдалды. Сузак районун Кызыл-Туу, Сузак жана Ырыс айыл аймагындагы кооптуу аймактардан 793 кожолук элди башка коопсуз аймакка көчүрдүк. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы окуу жайларынын жатаканаларынан 500гө жакын орун даярдалды.
-Демек, азыр абал туруктуу жана коопсуз деп айтууга болобу?
-Ооба, Көк-Арт суусу тосуп калган жер көчкүдөн ашып, өз нугу менен ага баштады. Салыштырмалуу коопсуз абал пайда болду. Бирок, биз алдын алуу иштерин, калктын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын токтотпойбуз. Азыр жаз мезгили, жаан-чачын болот дегендей. Ошондуктан күтүлүүчү бардык кырдаалдарга карата алдын алуу, даярдык чараларын камсыз кылабыз. Элибиз да биздин аракеттерди жакшы, түшүнүү менен кабыл алышууда. Буюрса, баары жакшы болот деген үмүт бар.
Суроо салган Жалил САПАРОВ, Жалал-Абад шаары.
Булак: NazarNews.kg