www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, профсоюздук Профсоюздук “Достук” мейманканасынын директору 20 миң АКШ доллар айлык ай сайын алат экен. Мейли, “Достук” мейманканасы жеке менчик болсо 20 миң эмес 20 миллион алса ич тарыбайт. Тилекке каршы бул мейманкана кадимки эле профсоюз федерациясынын мейманканасы болуп эсептелинет.

Анын учурдагы директору Жанадиль Абдрахманов деген киши, ал 2015-2017 жж., Кыргызстан профсоюздар Федерациясын жетектеп келген, ал жака төрага болуп барганча 11 жыл "Достукта" директор болуп иштеген. 12 жылдан бери 20 миң долларлап айлык алган Абдрахманов маянанын эсебинен эле миллионер болуп кетиптир.

Ооба, мыйзамдуу жагынан алганда эч кандай мыйзам бузуу жок, анткени ал жердеги акционерлер кеңеши айлыктарды, бюджетти бекитет. Ошол акционерлердин эң чоңу Мирбек Асанакунов жетектеген Кыргызстан профсоюздар федерациясы. Ал эмнеге мындай "ички бакытка" көз жумуп жатат же анын дагы кызыкчылыгы барбы?

Дагы бир кызыктуу факт, ар жыл сайын, профсоюздук мейманкана ал уюмга болгону "1 млн.сомдон ашпаган пайда таптык" деп, документтерди тууралап акча которот. Ошондо "колтойгон" мейманканадан түшкөн пайда анын директорунун айлыгынан азыраак, өтө эле "байкуш" эмеспи? Жардам берсекпи ыя?!  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости