www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы талаштуу батирлер

Жалал-Абад шаарында курулушу былтыр аяктаган 70 батирлүү көп кабаттуу үй эмгиче пайдаланууга бериле элек.

Аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган турак жай "авиация эрежелерине каршы келет" деген негизде токтотулуп турат. Жарандык авиация агенттиги курулуш иштери макулдашуусуз жүргүзүлгөнүн айтып, уруксат бербей келет. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдидрди.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, №27 дарегиндеги беш кабаттуу эки үйдүн ар биринде 35тен батир бар. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Жалал-Абад аэропортунун жанына салынган көп кабаттуу үй учуп-конуу тилкесинен 400 метр аралыкта жайгашкандыктан, Аба кодексинин талаптарына каршы келет.

Курманбек Акышев.

Курманбек Акышев.

​- Жалал-Абад аэропортунун жанына беш кабаттуу турак жайдын курулушуна Жарандык авиация агенттиги уруксат берген эмес. Алар өзүм билемдик менен эле салып алышкан. Бул маселе кезегинде премьер-министрге чейин жетип, биз керектүү документтерди бергенбиз. Ошол эле учурда үйдүн курулушу башталганда прокуратурага аны токтотуу боюнча эки жолу кайрылуу жазганбыз. Мамлекеттик архитектура жана экологиялык, техникалык коопсуздук башкармалыктарына да кайрылуу жиберилген. Себеби Аба кодексине ылайык аэропорттун учуп-конуу тилкесинен көп кабаттуу турак жайлар 2 миң метр аралыкта жайгашуусу белгиленген. Бирок бул көп кабаттуу үй 400 метр аралыкта орун алган. 14 метрге чейинки имараттарды салууга болот. Кезегинде булар биздин эскертүүлөргө кулак салбай курулушту бүтүрүп, эми тапшырууга келгенде бизден макулдук ала албай жатышат. Биз мыйзамды буза албайбыз!

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абаддагы №10 колониясынын кызматкерлерине салынган көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын май айында башталган. Шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Жалал-Абад аэропортунун аймагы калаанын башкы планында жок болгондуктан курулушта ал эрежелер эске алынган эмес дейт. Бул тууралуу шаардын башкы архитектору Бакытбек Байжигитов мындай дейт:

​- 2016-жылдын февраль айында ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун "шаардагы бош жаткан жерге ЖАМКтын турак жайы салынсын" деген токтому чыккан. Биз ошол токтомдун негизинде башка жакта алардын жери жок болгондуктан курулушка уруксат бергенбиз. Ошол эле учурда 2016-жылдагы архитектуралык пландоо шарттарында жана 2009-жылдагы Жалал-Абаддын башкы планында аэропорт жок болчу. Ошону эске алуу менен биз Жарандык авиация агенттиги менен макулдашууга барган эмесбиз. Анткени шаардын келечектеги планында аэропорт башка аймакка чыгарылган.

Жалал-Абад аэропорту 1972-жылы курулуп, 78 гектар жерди ээлейт. Учуп-конуу тилкеси 1780 метрди түзөт. 2016-жылы аэропортту кеңейтүү максатында шаардык кеңештин депутаттары бекитип берген 9 гектар жерди прокуратура жокко чыгарган. Анткени "акционердик коомго муниципалдык жерлерди менчиктештирүүгө мыйзам жол бербейт" деген бүтүм чыгарылган. Башкы архитектор Бакытбек Байжигитов буга чейин аэропорттун жанына курулуп жаткан курулуштарды эске алып, Жарандык авиация агенттигинин каршылыгын четке какты.

​- 1990-жылга чейин аэропорттун учуп-конуу тилкесине 170 метр жакын турган жерге беш кабаттуу турак жайлар салынган. 2000-жылдан кийин болсо 124 метр жерге калктуу конуш үчүн жер тилкелерин берүүгө ошол Жарандык авиация агенттиги макулдугун берген. Жакынкы жылдарда ошол эле учуп-конуу тилкесине жакын аймакка “Кыргызстан” жана “Салтанат” деген эки ресторан жана “Эрбол” аттуу эс алуу жайы салынган. Аларга да тийиштүү тараптар уруксат берген. Эми мамлекеттик кызматкерлерге турак жай салынып бүтсө, ага каршылык көрсөткөнүн кандай түшүнсөк болот? Менин оюмча былтыр январь айында "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылында болгон авиа кырсыктан кийин ушул маселе жаралып жатса керек.

Бир жана эки бөлмөлүү 70 батири бар көп кабаттуу турак жайдын курулушуна мамлекеттин казынасынан 96 млн. сом бөлүнгөн. Курулуш иштери тез аранын ичинде бүтүп, былтыр мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда пайдаланууга берилери айтылып жаткан. Бирок жакынкы беш айдан бери жаңы үй дээрлик бош турат.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Замирбек Кыралиев учурда бул багытта өкмөттүн аппаратында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты:

Замирбек Кыралиев.

Замирбек Кыралиев.

​- 2017-жылы курулуш иштеринин стандарттарын сактап, тездик менен бүтүрдүк, анткени ошол учурдагы президенттин талабы ошондой болчу. Тапшырууга келгенде ушундай маселе жаралып жатат. Анткени башында аэропорт менен макулдашуу болгон эмес экен. Учурда биз бул багытта Жарандык авиация агенттиги менен кайсы бир механизмдер боюнча сүйлөштүк. Буюрса чечилгени турат. Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында ушул маселеде дагы бир жыйын болот.

ЖАМКтын басма сөз кызматы турак жайдын курулуш эрежелерин сактоо аткаруучу жактын милдети экенин айтып, мекеме Жалал-Абаддагы үйдүн ачылышын күтүп жатканын билдирди. Учурда анын кызматкерлеринин 90% турак жайга муктаж. Былтыр Нарында үч кабаттан турган 25 батирлүү үй кызматкерлерге алгачкы жолу пайдаланууга берилген.

Бишкек-Жалал-Абад багыты боюнча жумасына үч жолу учак каттайт. Былтыр жүргүнчүлөрдү тейлөө имараты толугу менен жаңыланды. Аэропорт алдыдагы күндөрү каттамдарды көбөйтүүнү карап жатат. Бирок Жалал-Абад шаарынын жаңыланган башкы планында аэропортту калаанын аймагынан сыртка чыгаруу жана анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салуу пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости